Turmush — Талас облусунун аймагында 20-марттан 29-мартка чейин «Бахус» аттуу рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында айдоочулардын жоопкерчилиги текшерилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, рейд учурунда Манас районунда айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкарган айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 184-беренесинин 3-бөлүгү менен протокол түзүлдү. Ага мыйзамдын негизинде 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, автоунаасы айып короого токтотулду.
Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, автоунааны мыйзамдуу негизде башкарууга жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга чакырат.