Turmush — Кызыл-Кыя шаарында ички иштер бөлүмүнүн имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, президент Садыр Жапаров онлайн катышуусунда пайдаланууга берилди.
Маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тарыхы 1940-жылдарга барып такалат. Алгач бөлүм Кара-Козу айылынын Рудник участкасында жайгашкан. 1975-жылы милициянын имараты шаардагы №7 лицейдин жатаканасына көчүрүлгөн. 2002-жылы башка имаратка бөлүнгөнү менен шарттын ылайыксыздыгынан улам ошол эле жылы азыркы А.Султанов (ошол кездеги Юбилейная) көчөсүндөгү мурдагы «Кайрат» соода үйүнүн имаратына жайгаштырылган.
Учурда Кызыл-Кыя ШИИБине караштуу Караван айылдык милиция бөлүмчөсү иш алып барат. Бул бөлүмчө 2013-жылы ачылып, Караван, Жин-Жиген жана Ак-Булак айылдарын тейлейт. Азыркы учурда аталган бөлүмчө үчүн өзүнчө 3 сотых жер тилкеси бөлүнүп, жаңы имараттын курулушу башталган. Бул имараттын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, 2026-жылдын экинчи чейрегине пайдаланууга берилүүгө мерчемделүүдө.
Бул имарат 2024-жылдын ноябрь айларында имарат шаардык муниципалдык менчигинен ИИМдин балансына өткөрүлүп, ички иштер органдарынын кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2025-жылдын май айынан тарта капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө баштаган.
Жаңыланган 3 кабаттуу имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн: заманбап конференц-залдар, санитардык түйүндөр, душ, жылуу суу менен камсыздоо системалары орнотулуп, нөөмөт бөлүмүнө санариптештирилген башкаруу технологиялары киргизилди.
Бул имарат 2026-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына карата пайдаланууга берилди.