Turmush — Кызыл-Кыя шаарында кичи футбол аянтчасы капиталдык оңдоп-түздөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди.
Маалым болгондой, футбол аянтчасына кошумча балдар аянтчасы жана ден соолук чыңдоочу воркаут зона курулду. Бул иштер үчүн жергиликтүү бюджеттен 2,1 млн сом акча каралган.