Turmush — Ош технологиялык университетинин Химия жана химиялык технология кафедрасынын ХТНГс-1-2-22 тайпасынын студенттери Fergana Oil Refinery базасында диплом алдындагы практикадан өтүп жатышат.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул практика университеттин эл аралык байланыштарын чыңдоонун алкагында уюштурулуп, студенттерге чет өлкөдөгү заманбап өндүрүш шартында тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы студенттердин практикасынын жүрүшү менен жеринен таанышып, алардын өндүрүштөгү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алып келишти.
Практиканын жүрүшүндө студенттер нефть кайра иштетүү технологиялары менен таанышып, теориялык билимдерин бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүдө.