Turmush —
Баткен облусунда 16-марттан 22-мартка чейинки аралыкта жол эрежелерин бузулган 1167 факт аныкталды. Бул тууралуу жол сакчылары билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаган 48 учур аныкталып, мас абалында унаа башкарган 8 айдоочу кармалган. 1000ден ашуун башка жол эрежелерин бузуу катталган.
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 62 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.