Turmush — 21-март — Нооруз майрамы Чүй облусунун бардык район-шаар, айыл аймактарында белгиленди. Turmush басылмасынын кабарчысы майрамдык иш-чараларды жеринен көрүп келди.
Ысык-Ата району
Ысык-Ата районунда жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Майрамдык иш-чарага район тургундары активдүү катышып, улуттук баалуулуктар даңазаланды.
Иш-чара Кант шаарынынын борбордук аянтында белгиленди. Салтанатка Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким Алмазбек Райымкулов, мекеме-түзүмдүн жетекчилери, ак сакалдар, коомдук ишмерлер жана район тургундары катышышты.
Анда улуттук ыр-бий менен коштолгон концерттик программа, улуттук көргөзмөлөр, оюн-зооктор жана театрлаштырылган сценка болду.
Сокулук району
Нооруз майрамындагы иш-чарага Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Илияз Ташкулов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн документациялык камсыздоо жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азиз Туркманов, мекеме-уюмдардын жетекчилери, ошондой эле айыл өкмөт башчылары катышты.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ыр-бийлер тартууланды. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук спорт оюндары уюштурулуп, катышуучулар арасында кызыктуу таймаштар өттү.
Мындан сырткары, Нооруз майрамы район аймагындагы бардык айыл аймактарда белгиленди. Майрамдын ажырагыс бөлүгү болгон сүмөлөк даярдалып, шайыр апалар тарабынан келген конокторго жана тургундарга таратылды.
Аламүдүн району
Аламүдүн районундагы майрамдык иш-чара Арашан айылында А.Стрельникова атындагы жалпы билим берүүчү мектепте өткөрүлдү. Иш-чарага Аламүдун райондук мамлекеттик администрация башчысы аким — Азамат Эргешов, Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Райымбек Султанов, Аламүлүн райондук ардагерлер кенешини төрагасы Асан Зарипов айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, райондук мекеме жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук каада-салттары кеңири чагылдырылды. Тактап айтканда, ат коюу салты көрсөтүлүп, улуттук көргөзмөлөр уюштурулду. Ошондой эле боз үй жасалгаланып, конокторго кыргыз элинин бай маданияты тартууланды. Майрам пролог менен ачылып, көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады.
Мындан сырткары райондун 6 айыл аймагында марамдык иш-чара өтүп, улуттук оюндар менен коштолду.
Кемин шаары
Кемин шаарынын Жеңиш паркында Нооруз майрамына карата элдик майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага Кемин районунун акими Канболот Тутуев, Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев, айыл өкмөт башчылары, мекме-түзүмдөрдүн жетекчилери, район тургундары катышты.
Иш-чаранын алкагында улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды. Ошондой эле спорттук оюндар уюштурулуп, «Сармерден» элдик оюну өткөрүлдү. Райондогу мекеме-уюмдардын жетекчилери катышкан «Ынтымак — элдин биримдиги» сынагы уюштурулду.
Орловка шаары
Орловка шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип, ага шаар башчысы Аман Койшыбаев, мекеме-түзүмдүн жетекчилери, шаардын тургундары катышты.
Майрамдын алкагында элге концерттик программалар тартууланды. Улуттук оюндар — көк бөрү, ордо, тогуз коргоол, аркан тартыш уюштурулуп, шаар тургундарына майрамдык маанай тартууланды.
Мындан сырткары спорттук мелдештер өткөрүлүп, өспүрүмдөр арасында волейбол, жаш балдар арасында футбол жана волейбол мелдештери өттү.
Ошондой эле Орловка шаарында 2 казан сүмөлөк жасалып, элге таратылып, тушоо кесүү каада-салты көрсөтүлдү.