Turmush — Ош облусунда курал сактоо эрежелерин бузган 15 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында Орозо айт жана Нооруз майрамдарынын алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, куралга байланышкан мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында «Арсенал» аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анда мыйзамсыз сакталган курладарды аныктоого, каттоодо турган куралы бар жарандардын жүрүм-турумуна жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына көңүл бурууга басым жасалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө каттоодо турган курал ээлеринин 872 даана ок атуучу куралы текшерилди. Анын жыйынтыгында 9 жаран ички жана тышкы миграцияга чыгып кеткендиктен ар кандай кокустуктар болуп кетүүсүнө бөгөт коюу максатында курал сакталган сейфтерге убактылуу мөөр басылды.
Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин 4 жаран куралын РИИБге убактылуу тапшырды жана мыйзамсыз аңчылык кылгандыгы үчүн 1 жарандын куралы алынды. Сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган 15 жаранга айып пул салынды.