Turmush — Алай районунун Гүлчө шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык салтанатка Гүлчө шаарынын мэри Нурсултан Тажибаев, Алай районунун акими Адыл Сапаров жана жергиликтүү тургундар катышты. Жетекчилер тургундарды Нооруз майрамы менен куттуктап, райондогу ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдимажит Тажаматов бата берди.
Нооруз майрамын чагылдырган театрлаштырылган оюндан кийин райондогу өнөрпоздордун концерттик программасы тартууланды. Жаз, Нооруз, жаңыланууну даңктаган ыр-күүлөр аткарылды.
Спорттук оюндардан тогуз коргоол, күрөш жана ордо оюндары уюштурулуп, спорт сүйүүчүлөр күчтөрүн сынап көрүштү.