Turmush — Сокулук районунда өткөн футбол боюнча облустук мелдеште Шопоков шаарынын өспүрүмдөрү 1-орунду ээледи.
Маалым болгондой, Чүй облусунун футбол федерациясы тарабынан «KAFA NAVRUZ FESTIVAL» мелдеши өттү. Ага облус боюнча 10 жашка чейинки балдардан куралган 8 команда — «Бурана Токмок», «Сары-Өзөн-Токмок», «Сказка», «Асылбаш», «Асылбаш- Сити», «МФК Шопоков», «ДЮСШ Московского района», «Сары-Өзөн Сокулук» катышты.
Турнирдин жеңүүчүлөрү:
- 1-орун — «МФК Шопоков»
- 2-орун — «Асылбаш»
- 3-орун — «Сары-Өзөн Токмок»
Бардык жеңүүчүлөр медаль, кубок жана дипломдор менен сыйланышты.