Turmush — Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жол эрежесин бузган 1 миң 782 айдоочу аныкталып, аларга протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен мас абалда унаа башкарган 23 айдоочу кармалып, жалпы 149 унаа айып короого токтотулду.
Түзүлгөн протоколдордун арасында:
- 606 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган;
- 444 айдоочу жол белгилерине баш ийген эмес;
- 30 айдоочу унааны тиешелүү документтерсиз башкарган;
- 18 адам айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаган;
- ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузган 48 жөө жүргүнчү аныкталган.
Аталган иштер Ысык-Көл облусунун аймагында өтүп жаткан «Бахус» аталышындагы рейддик иш-чаранын алкагында жүргүзүлүүдө.