Turmush — Бишкек шаарынын четиндеги айылда жеңил унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 21-мартта болгон. «Toyota Avalon» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдынан чыккан жөө адамдан качам деп, жол четиндеги тосмону сүзүп, оодарылып кеткен.
Ал эми Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 21-мартында болжол менен саат 23:50 чамасында 2006-жылы туулган айдоочусу Ж.Б.С.нын башкаруусундагы «Toyota Avalon» унаасы кырсыкка кабылган. Айдоочу Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө чыгыш багытка бара жатып, Пограничный көчөсүнүн кесилишинен рулга ээ боло албай тоскоолдукту сүзүп, оодарылып калган.
Кырсыктын кесепетинен Ж.Б.С. башынан жаракат алып, Улуттук госпиталга жаткырылды.