Turmush — Ош шаарындагы жол кырсыгынан «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 19-мартында саат 05:50дө Ош шаарынын ооруканасынан шаардагы А.Мамыров көчөсүндөгү «Асан-Үсөн» дүкөнүнүн алдындагы «Toyota Ipsum» унаасы Ош шаардык мэриясынын «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп, анын кесепетинен кызматкер аял окуя болгон жерден каза болуп калгандыгын билдиришкен.
Аталган маалымат Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү протоколдор толтуруп алынган. Каза болгон аял Араван районунун Гүлбаар айылынын 1959-жылы туулган тургуну Б.М. экендиги аныкталды. Ал 2025-жылдын сентябрь айынан тартып «Ош-Тазалык» ишканасында иштеп жаткан.
Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Аталган жол кырсыгына шектүү катары «Toyota Ipsum» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу — Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну К. уулу Ш. наркологиялык экспертизадан өткөрүлүп, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келинген. Ал окуя боюнча асфальт үстүндө тайгаланып кетип, автоунаасы менен жолдун четиндеги арыкка сыйгаланып барып, тротуарда иштеп жаткан «Ош-Тазалык» ишканасынын формасын кийген адамды сүзүп алганын билдирген.
Учурда текшерүү иши боюнча соттук экспертизалар дайындалып, шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Окуяга күбө жарандар суралууда.
Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.