Turmush — Баткен шаарында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара борбордук стадиондо өткөрүлдү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын башында жетекчилер салтка ылайык сүмөлөк ачуу аземине катышып, эл-жерге тынчтык, береке тилеп, даам сызышты.
Андан кийин келген коноктор Баткен шаары менен Баткен районунун улуттук тамак-аштары, кол өнөрчүлүк буюмдары жана сүрөт көргөзмөлөрү менен таанышышты. Маданий программада А.Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Майрамдын расмий бөлүгүнө өлкө жетекчилигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башчылары, ошондой эле коңшу мамлекеттерден келген меймандар катышып, жалпы журтту Нооруз майрамы менен куттукташты.
Майрамдык иш-чара белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт менен коштолуп, андан сырткары улуттук спорт оюндары — күрөш, таяк тартыш, аркан тартыш жана кол күрөш боюнча мелдештер уюштурулду.