Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы бардык айыл аймактарында Нооруз майрамы белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу, Барскоон, Жаргылчак, Жети-Өгүз жана Оргочор айыл аймактарында «Нооруз-2026» иш-чарасы өзгөчө маанайда өттү. Жаңы күндүн келишин ырастаган саамалыкта ак элечек апалар арча түтөтүп аластап, ак баталар берилди.
Район жетекчилиги ар улуттун өкүлдөрү жашаган Жети-Өгүз районунун эли Ноорузду жакшы маанайда белгилегенин айтты.
Ал эми райондун 5 айыл аймагында бул күндөрү улуттук каада-салттар, үрп-адаттар чагылдырылып, тамак-аш көргөзмөсү уюштурулуп, Улуу көч баяны көрсөтүлдү.