Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Нооруз майрамы белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 20-март күнү Күн-Чыгыш айыл өкмөтү жана №81 кесиптик лицейи менен биргеликте Нооруз майрамына карата сүмөлөк бышыруу иш-чарасы уюштурулган. Ага район жетекчилиги, мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты. Сүмөлөк кайнатуу учурунда улуттук ырлар жаңырып, жакшы тилектер айтылып, элдик каада-салттар чагылдырылды.
Ал эми бүгүн, 21-март күнү Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Нооруз майрамына карата кеңири масштабдагы салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул майрамдык иш-чара улуттук салт-санааларды даңазалоо, элдин биримдигин чыңдоо жана жаз майрамын шаңдуу тосуп алуу максатында уюштурулду.
Иш-чарага район жетекчилиги, кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар күбө болушту. Майрамдын расмий бөлүгүндө район жетекчилиги Нооруз майрамы менен куттуктап, ынтымак, береке, молчулук жана ийгиликтерди каалап, районду өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирип, бир катар активдүү кызматкерлерге жана тургундарга сыйлыктар тапшырылды.
Майрамдык иш-чаранын алкагында улуттук каада-салттарды чагылдырган «Боз үй» кароо сынагы жана улуттук тамак-аштардын көргөзмө-сынагы уюштурулуп, ар бир айыл аймак өздөрүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүштү. Катышуучулар боз үйлөрдүн жасалгаланышына, улуттук буюмдардын жайгашуусуна жана дасторкондун көркүнө өзгөчө көңүл буруп, жогорку деңгээлде даярдык көрүшкөн. Жыйынтыгында мыкты деп табылган катышуучулар аныкталып, аларга сыйлыктар ыйгарылды.
Мындан сырткары райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда элдик ырлар, улуттук бийлер жана сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Жаш таланттар менен катар тажрыйбалуу өнөрпоздор өз өнөрлөрүн тартуулады.
Майрамдын жүрүшүндө ар кандай спорттук оюндар, мелдештер — аркан тартыш жана башка кызыктуу таймаштар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Бул оюндарга жаштар да, улуу муундагы жарандар да активдүү катышып, майрамга өзгөчө көрк кошушту.