Turmush — Нооруз майрамын утурлай Жалал-Абад облусунда жаңыдан курулган 6 милициянын аймактык пунктунун имараты пайдаланууга берилди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ачылыш аземине өлкө башчысы Садыр Жапаров онлайн катышты. Саамалыкка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мухтарбек Токтогулов катышты.
Пайдаланууга берилген милиция бөлүмүнүн имараттары:
- Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмү;
- Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Барпы айыл аймагындагы милициянын аймактык бөлүмчөсү;
- Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын Үч-Терек айыл аймагындагы милициянын аймактык бөлүмчөсү;
- Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн Толук айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсү;
- Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кең-Сай айылындагы милициянын аймакык бөлүмчөсү;
- Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн Ак-Таш айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсү.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мухтарбек Токтогулов кызматкерлерге түзүлгөн шарттар кылмыштуулуктун алдын алууга чоң өбөлгө түзөрүн айтаты.
«Жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген бул имараттын курулушу былтыр июль айында башталып, ал республикалык бюджеттен каржыланган. Быйыл жумуштар толук аягына чыгып, тапшырып жатабыз. Буга чейин аталган аймактык бөлүмчөнүн жумуш алып барган туруктуу имараты болгон эмес. Былтыр Ички иштер министрлигинин демилгеси менен жумуштар башталып, азыр кызматкерлер заманбап, бардык шарты бар имараттуу болуп отурат. Милициянын бул таяныч пунктунун дагы бир артыкчылыгы — бул жердеги бир кызматкер үчүн бардык шарты бар 3 бөлмөлүү кызматтык батир да курулган. Ушул тапта ага участкалык милиция кызматкери үй-бүлөсү менен көчүп келип, жашап жатат.
Бүгүн ушул менен удаа эле президентибиз райондун Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмүнүн да имаратын пайдаланууга берүүгө уруксат берди. Өз кезинде кызматкерлерге жаратылган шарттар милициянын ишин жеңилдетип, кылмыштуулуктун алдын алууда чоң жардам берет», - деди Токтогулов.
Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамын өлкө башчысы Садыр Жапаров Нарын шаарында тосту. Андан кийин президент Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачып жатып, бир учурда өлкө боюнча милициянын 26 аймактык бөлүмчөсүнүн имараттарын ачууга уруксат берди.