Turmush — Бүгүн, 21-мартта Ош шаарында Нооруз майрамына карата ат оюндары боюнча мелдештер өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аламан аргымак чабыш уюштурулуп, аргымактар 24 чакырымга жарышты. Жарышта 4 катышуучу ат салышты.
Жыйынтык:
- 1-орун — «Кармелла» каймана аты бар аргымагы менен Ош шаарынын чабандеси (120 миң сом);
- 2-орун — «Чабалекей» каймана аты бар аргымагы менен Аксы районунун чабандеси (50 миң сом);
- 3-орун — Аксы районунун чабандеси (30 миң сом).
Ошондой эле жаа атуунун түрлөрү боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул мелдештин баштапкы этабы буга чейин болуп, финалда 3-4-орун жана 1-2-орун үчүн мелдеш өттү. Жаачылар 40 метр аралыктан бутага атышты.
Жыйынтык (эркектер арасында):
- 1-орун — Казыбек Эсеналиев;
- 3-орун — Рысбек Сыдыков;
- 4-орун — Алымбек Эргешбаев.
Кыз-келиндер арасында:
- 1-орун — Сапаргүл Бердалиева;
- 2-орун — Эркайым Эргешбаева;
- 3-орун — Токторбай кызы Бүбүсара;
- 4-орун — Айзат Миталипова.
Андан соң жаа атуунун табак атуу түрү боюнча мелдеш башталды. Анда эркектер арасында 1-орунду Казыбек Эсеналиев ээлеп, 2-орунду Марсел Исламов, 3-орунду Рысбек Сыдыков алды.
Ага улай эле тайган жарыш боюнча мелдештер болуп өттү. Анда жеңүүчү болгондор акчалай сыйлыктар, грамоталар менен сыйланышты.
Тай жарышта тайгандар атка байланган түлкүнүн терисин кубалашат. Биринчи жетип, терини тиштеген тайган жеңүүчү болот.
Мындан тышкары бүркүт салмай мелдештери өтүп, ага 4 катышуучу катышты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Бүркүт салмайда атка байланган түлкүнүн терисин бүркүттөр кубалашат. Биринчи жеткени жеңүүчү болот.