Turmush — Талас облусунун Айтматов районунун борбору Кызыл-Адыр айылында Нооруз салтанаттуу белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, байыркы салт-санааларды даңазалаган, улуттук баалуулуктарды даңктап, биримдик менен ынтымакты бекемдеген майрамдык иш-чара уюштурулду.
Салтанатка президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана тургундар катышты.
Өз сөзүндө облус башчысы президенттин куттуктоосун Талас облусунун тургундарына жеткирди. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Талас облусунун өнүгүүсүнө мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, ири долбоорлор колдоого алынып жатканын билдирди.
Майрамдык программа салттуу жөрөлгөлөр менен коштолуп, конокторду тосуп алуу аземинен башталды. Умай энелер аластап тосуп алып, төкмө акындардын айтышы, «Манас» айтуу жана Нооруз ырлары жаңырды. Сүмөлөк ачылып, даам сызып, бата-тилектер тиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө кол өнөрчүлөрдүн жана китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп, ар улуттун улуттук тамак-аштары сунушталды. Айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү да келген коноктордун кызыгуусун жаратты.
Майрамдык иш-чара театралдык пролог менен улантылып, расмий ачылыш аземи өткөрүлдү. Андан соң «Сармерден» оюн-зоогу жана кеңири концерттик программа тартууланды.