Turmush — Талас шаарынын 39 жаштагы тургуну Назира Нураева социалдык келишимдин алкагында чакан ишкерликти баштап, тоок чарба түптөдү. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Анын айтымында, кесиби боюнча мугалим. Декреттик өргүүдө жүргөн учурда үй-бүлөсүнүн кирешеси негизинен жөлөк пулга көз каранды болгон. 3 баласына ай сайын 3600 сом жөлөк пул алып турган үй-бүлө кошумча киреше табууну көздөгөн.
«2024-жылы социалдык келишим аркылуу 100 миң сом алып, өз ишибизди баштадык. Тоок багуу идеясы жолдошумдуку болду. Ал бул тармакка кызыгып жүрчү. Алгач леггорн породасындагы 40 баш тоокту Бишкектен 1800-2000 сомдон алып келгенбиз. Бул породадагы тооктор жумуртка багытында болуп, жыл бою тууп берет», - деди ал.
Бирок алгачкы аракет кыйынчылыксыз болгон жок. Кыш мезгилинде сууктун кесепетинен тооктордун көбү кырылып калган. Ошого карабастан үй-бүлө багытынан баш тарткан эмес.
«Ошол убакка чейин жумуртка сатып, кардар топтоп калган экенбиз. Кийин кайрадан аракет кылып, адлер породасындагы тоокторду алып келдик. Азыр күнүнө 20дан ашык жумуртка алабыз.
Учурда биз өндүргөн жумурткаларды негизинен инкубация үчүн сатып алышат. Кардарлар үйгө келип, бир даанасын 50 сомдон алып кетишет. Ал эми кыш мезгилинде баасы 15 сомго чейин түшөт.
Ай сайын түшкөн каражатка алгач жемин алып коёбуз. Тоокторго көбүнчө тартылган, байытылган буудай беребиз. Бодо малдын дагы асыл тукумун тандагандай эле, тооктун дагы жакшы породасын бакса, жакшы киреше болот. Азыр адлердин корозу 2 миң сомдон жогору сатылат. Ал эми жөнөкөй тооктун корозу 500 сом. Айырмасы чоң», - деди ал.