Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түштүк Кореяда билим алып жаткан София Акматалиева. Кореяга келгенден тарта тил, маданият жана жашоо шарты боюнча көптөгөн тоскоолдуктарга туш болгонуна карабай, ал өз максатына жетип, бүгүнкү күндө корей тилин мыкты өздөштүрүп, Ажу университетинин 3-курсунун студенти. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
София Акматалиева 2002-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда жөнөкөй наабайчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Билим жолу 2009-жылы башталган. Бишкек шаарынын Ленин районундагы №40 орто мектебинин башталгыч классына кирип, кийин Сокулук районундагы Орок орто мектебине которулуп, 2020-жылы мектепти бүтүргөн. Андан кийин М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине тапшырып, ошол эле учурда япон тилин үйрөнө баштаган.
Японияга эмес, Кореяга кетүүнү чечтим.
Тилекке каршы, коронавирус пандемиясынан улам Японияга кетүү кыйын болуп, чек аралар жабылып калган. Ошентип атам экөөбүз Японияга түзүлгөн контрактты бузуу максатында япон тилин үйрөткөн компанияга бардык. Эки тараптын макулдугун алып, контрактты бузуу процессин баштадык. Биз отурган столдун үстүндө Кореяга окууга жиберүү тууралуу баракчалар жаткан. Кызыгуу менен алып окуп чыгып, атама көрсөттүм.
Атам баракчаны окуп: "Кызым, сага жактыбы? Кореяга барып окуйсуңбу? Колуңдан келеби?" деп сурады. Мен көп ойлонбой дароо макулдугумду бердим. Чынын айтсам, атам өзүнүн балдарына эң жогорку билим берүүнү кыялданчу жана каалачу. Окууга байланыштуу нерселерге эч качан каршы болчу эмес.
Ошентип, 2022-жылдын январь айынан баштап Кореяга болгон жолум башталды. Эртең менен корей тил курсуна барып, түштөн кийин университетке даярданып окуп, ал эми кечинде таңга чейин ресторандарда официант болуп иштеп жүрдүм. Март айларында окууга тапшыруу үчүн документтерди жыйнай баштадым. Ал кезде Кореяга окууга кеткен студенттер көп эмес болгондуктан маалымат табуу да кыйын болчу. Бирок окууга өткөнүм тууралуу чакыруу кат мен ойлогондон да тез келди. Чынын айтсам, мен ага таптакыр даяр эмес болчумун. Андан кийин эң оор учур келди — виза алуу. Себеби Түштүк Корея Кыргызстан жарандарына визаны көп бере берчү эмес. Анткени кээ бир кыргыз жарандары окуу менен барып, мыйзамсыз калып калышчу. Кантсе да биз виза алуу процессин баштадык. Эң кыйын этап — корей консулу менен интервью болчу. Мен 10дон ашык окуучу менен бирге даярданып жаттым. Документтерди тапшыргандан кийин консулдуктан чалууну күтүп баштадык.
Мен эң корккон күн да келди — чалуулар келе баштады. Көз алдымда эле интервьюдан өтпөй калган окуучуларды көрүп, эки эсе корко баштадым. Ошол күнү үч окуучу өтпөй калды. Мугалимибиз бүгүнкү чалуулар бүттү, калгандары эртеңкиге калат деп бизди үйгө жиберди. Коркунучум бир аз басылып, үйгө барып эс алып жаткам. Бир маалда телефонум чалды. Белгисиз номур экен. Телефонду алсам, корей тилинде бирөө сүйлөй баштады. Башында түшүнбөй жаттым. Кийин бул мен күтүп жаткан корей консулунун чалуусу экенин түшүндүм. Мен даярданып жүргөн барагымды таба албай коркуп кеттим, бирок консул берген суроолорго жооп берүүгө аракет кылдым. Аягында ал мага: “앞으로도 열심히 하세요!” (Алдыда да аракет кыла бериңиз!) деп айтты да, телефонду өчүрдү.
Атам келгенде баарын айтып бердим. Көзүмө жаш толуп, өттүмбү же өтпөдүмбү деген ой менен күтүп жаттым. Чынында менден да көбүрөөк атам ишенип, даярданып жүрдү. Биз үй-бүлөбүз менен визанын жообун күнү-түнү күттүк. Бир күнү ата-энем менен базарда жүргөндө дагы бир жолу текшерип көрсөм, виза берилген деген жооп чыгыптыр. Ошондо базардын ортосунда үчөөбүз кучакташып ыйлап жибердик. Эң кыйын учур артта калып, мен Кореяга сапар тарттым.
Алгач 3 эле сөз билчүмүн: “Салам”, “Рахмат” жана “чочконун эти”
Азыркы учурда мен Түштүк Кореянын Хвасонг шаарында жалгыз жашайм. Кореянын алдыңкы университеттеринин бири болгон Ажу университетинде корей тили жана адабияты факультетинин 3-курсунда окуп жатам.
Бул күнгө жетүү мен үчүн абдан кыйын болду. Чет өлкөдө жашоо — башка жер, башка эл, тааныбаган өлкө, билбеген тил, көнүү кыйын болгон аба ырайы жана эң негизгиси — жей ала турган тамак табуу да оңой болгон жок.
Корей тил мектебинде окуй баштаганда мен болгону үч эле сөз билчүмүн: “Салам”, “Рахмат” жана “чочконун эти”. Кайсы жерге барбайын ушул үч сөздү гана колдончумун. Убакыт өткөн сайын корей тилин дагы да көбүрөөк окуй баштадым. Менин биринчи жетишкендигим — корей тили боюнча сынакта окуу жай боюнча 1-орунду алуу болду. Жеңүүчү сыйлыгымды алып, дароо ата-энеме чалдым. Атамдын сүйүнгөн жүзүн көргөндө гана жеңиштин даамын сездим. Мен окууга дагы да көп күч жумшап, корей тили экзамендерин жакшы баалар менен тапшырып, өз күчүм менен Сувон шаарындагы Ажу университетине өттүм. Бул жерде да ийгиликтерге жетиштим. Ар бир семестрде жакшы окуганым үчүн стипендия алып келем.
Корей эли Кыргызстан тууралуу көп биле бербейт
Мен Кореяга жаңы келгенде эң көп берилген суроо: “Кайсы өлкөдөн келдиң?” болчу. Кыргызстандан келгенимди айтсам: "Ал өлкө кайда жайгашкан? Андай өлкө барбы?" деген суроолорду көп укчумун. Ошондо Кыргызстан Азияда жайгашканын, Казакстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектеш экенин түшүндүрүүгө туура келчү. Бул суроолор мени капа кылчу. Анткени менин өлкөмдү көпчүлүк билбегени өкүнүчтүү болчу.
Акыркы жылдары досум экөөбүз университеттеги иш-чараларга катышып, Кыргызстанды таанытуу аракетин жасап жүрөбүз. Улуттук тамактарды жасап, улуттук кийимдерди кийип, оюн-зоок уюштурабыз. Кореялык студенттерге өлкөбүз тууралуу кеңири маалымат берүүгө аракет кылабыз. Профессорлор да бул аракетибизди жогору баалап, бизге ыраазычылык билдиришет. Алдыдагы иш-чараларга алдын ала даярданып жатабыз. Улуттук кийимдерди апаларыбызга тиктирип, керектүү азыктарды башка шаарлардан же Кыргызстан аркылуу алдырууга аракет кылабыз. Мунун баарын жасап жатып мекениме болгон сүйүүм дагы да күчөйт.
Кореяда жашап жатканыма жакында 4 жыл болот
Бирок бул өлкө мени дагы деле таң калтырууну токтотпойт. Кыргызстанга салыштырмалуу жашоо абдан ыңгайлуу. Өнүгүүгө көп мүмкүнчүлүк бар. Корея автоунаалары жана косметикасы менен белгилүү. Бирок мага көбүрөөк жакканы — күнүмдүк жашоонун ыңгайлуулугу. Корея кичинекей өлкө болгону менен транспорт системасы абдан өнүккөн. Поезд, автобус, метро, учак аркылуу өлкөнүн бардык бурчтарын кыдыруу оңой. Ошондой эле тамак-аш, оюн-зоок жайлары жана соода борборлору да абдан көп.
Корей эли тартипти жакшы сактаган эл. Алар мыйзамдарды так аткарышат. Бул өлкөдө тейлөө абдан жогору деңгээлде. Кайсы жерге барбаңыз, корейлер жылмайып жылуу тосуп алышат. Алардын жашоо темпи абдан тез. Кореяда “палли-палли” (тез-тез) деген сөз абдан көп колдонулат.
Мен иштеген корей үй-бүлөсү да ушундай адамдар. Биринчи күндөн тартып мага жардам беришкен. Башында тил билбегендиктен алар менен жакшы сүйлөшө алчу эмесмин. Бирок кожоюнум мага чоң жардам берди. Экзамен маалында окуууга жардам берип, материалдык жактан кыйынчылык болгондо колдоо көрсөттү. Чочконун эти бар тамактарды жебегеним үчүн мага өзүнчө тамак жасап беришчү. Алар менен бирге улуттук майрамдарды тосуп, корей маданияты менен жакындан тааныштым.
Корея кымбат өлкөлөрдүн катарына кирет
Эгер иштебесе, алып келген акча 2–3 айга гана жетет. Мен да ушундай абалда болдум. Атам мага 3000 доллар берип жиберген. Ал акча менен үч ай жашадым. Акчам түгөнө баштаганда иштөөнү чечтим. Кыргызстанда бир жумада табылган акча бул жакта бир күндө эле кетип калат. Ошондуктан үй-бүлөмө жүк болбойм деп иштей баштадым. Эртең менен окуп, түштөн кийин иштейм. Кореяда студенттерге иштөөгө чектөө бар, бирок мыйзамдуу иштөө үчүн корей тилин жакшы окуп, атайын уруксат алып иштеп жатам. Ушул күнгө чейин өзүмдү өзүм камсыз кылып, контракт, ижара жана башка чыгымдардын баарын төлөп келем. Ал тургай үй-бүлөмө да жардам берип жатам.
Албетте, мен окуу жана иш менен гана алек эмесмин. Жеке жашоом да бар. Азыр Кореяда кыргыздар көбөйдү. Төрт жыл ичинде көп досторду таптым. Мурун жалгыз жашасам, азыр Альхамдулиллах досторум, эже-сиңдилерим жана мугалимдерим бар. Биз дайыма жолугуп, майрамдарды чогуу өткөрөбүз. Кыргыздар меймандос эл болгондуктан досторумду үйүмө чакырып, кыргыздын улуттук тамактарын жасап берем.
Келечекте онлайн корей тили мектебин ачуу максатым бар.
Азыркы учурда эртең менен окуп, түштөн кийин иштейм. Бош убактымда Instagram баракчамды жүргүзүп, корей бренддери менен кызматташып жарнамалык видеолорду тартып жатам. Ошондой эле Кореяда окууну каалаган студенттерге кеңеш берип, өз тажрыйбам менен бөлүшөм. Келечекте онлайн корей тили мектебин ачуу максатым бар. Университетти бүткөндөн кийин магистратурага тапшырып, корей тил мектептеринде мугалим болуп практика өтүүнү пландап жатам. Албетте, жеке жашоомду да унутпайм. Кыргыз кызы катары жакшы кыргыз жигитине турмушка чыгуу да максаттарымдын бири. Эң башкысы — окуумду ийгиликтүү аяктап, диплом алып, элиме кызмат кылган кыргыздын кызы болуп, атамдын сыймыгы болуу — менин эң чоң максатым.