Turmush — Эртең, 20-мартта Орозо айт намазы Ош облусунда жана Ош шаарында мечиттерде окулат.
Маалым болгондой, Ош шаарынын жетекчилиги «Ал-Бухари» мечитинде, ал эми облус жетекчилиги «Имам Ат-Тирмизий» мечитинде Айт намазына катышат.
Ош облусу боюнча Айт намаз окулуучу мечиттердин саны:
1. Алай району — 42;
2. Кара-Кулжа району — 18;
3. Чоң-Алай району — 6;
4. Араван району — 35;
5. Өзгөн району — 69;
6. Ноокат району — 93;
7. Кара-Суу району — 162.
Жалпы 425 мечитте Айт намазы окулат.
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби:
- 07:30-08:00 — Куран окуу;
- 08:00-08:25 — диний баяндар;
- 08:25-08:30 — Айт намазын окуу тартибин, эрежелерин түшүндүрүү;
- 08:30-08:50 — Айт намазын окуу.