Turmush — Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарында жаңы сейил бак куруу пландалууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, сейил бак «перевалбаза» кичи районунда курулат. Учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо максатында адистер жерине барып, тиешелүү өлчөө иштерин жүргүзүштү.
Мындан сырткары, сейил бактын долбоорун иштеп чыгуу жана курулуш иштерин өз убагында баштоо боюнча Кемин шаарынын мэрине тиешелүү тапшырмалар берилди.
«Жаңы сейил бак шаардын көркүн арттырып, тургундар үчүн эс алуу, сейилдөө жана балдардын ойноосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт», - деп айтылат маалыматта.