Turmush — Баткен районунда чек арадагы жерлери Тажикстанган өткөн тургундарга айыл чарба багытындагы жер тилкелери берилүүдө. Бул тууралуу Баткен районунун акими Данир Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, ал тургундар быйылкы жазгы талаа жумушуна жетишет.
«Тажикстандан 400 гектарга жакын жерди биз алганбыз. Жерлер боюнча айта кетейин. Биз батыш жана чыгыш зона деп бөлүп алганбыз. Батыш — бул Ак-Сай айылы, Таш-Тумшук, Мазейинттин жери. Көк-Терек жана Самаркандек. Бүгүнкү күндө Таш-Тумшук, Мазейиттин жерине, Көк-Теректин элине жер берилди. Тажик тараптан айыл чарба багытында берилген жерлерден берилди. Жалпысынан баш аягы 1500 жаранга жер беришибиз керек.
Азыр кезекте Ак-Сай айылынын эли турат. Андан кийин Кара-Бак айылы. Баса белгилеп айтып койчу нерсе үлүш жерлер ар кимге ар кандай тийди. Ал ошол мурдакы жерине жараша 4-10-20 сотыхтан ар кандай болот. Ар бирин дыкат карап, кагазга түшүрүп алып берип жатабыз. Бул көп убакытты талап кылган жумуш болуп жатат. Элге сунуштап, анан картага коюп берип жатабыз. Бирок жакын арада толугу менен берип бүтөбүз деген ойдобуз.
Быйылкы айыл чарба жазгы талаа ишине жетишип беребиз буюрса. Эл менен тыгыз байланыштабыз. Алар да түшүнүү менен карап жатышат. Анан ал жактан 400 гектардай жер өткөн болсо, баарын элге беребиз. Бизден бак дарактуу жер өткөн болсо ошого карап бизге өткөн бактардан беребиз», - деди ал.
2025-жылдын 29-апрелинде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан чектешкен Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кош-Моло аймагында (стела курулган аймак) кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталган.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, УКМК ошол учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев демаркация иштерин баштоого онлайн форматта катышып старт берген.
Чек араны тосуу иштеринин жүрүшү үчүн аталган аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген.
Биринчи этапта 420 чакырым аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат. Бул иштерди жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.
Буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки өлкө башчылары чек ара боюнча келишимге кол койгон.
- Аталган кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишим боюнча 27-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарына чек ара кантип чечилгенин айтып берген.
Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы 31-мартта Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюлганын кабарлаган. Ошондой эле түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюу аземи өткөнүн билдирген. Анда азем 31-мартта Кожент шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында өткөнү айтылган.
Мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону символдоштурарын, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кыла турганын баса белгилешкен.
Мындан тышкары президенттер 3 өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышкан. Салтанаттуу иш-чара Кожент шаарынан видеоконференция форматында өткөн.
Аземдин жүрүшүндө мамлекет башчылары бир эле учурда атайын тирегич тактага орнотулган баскычты басышты. Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министрлеринин орун басарлары тасманы кесип, стеланы расмий ачышкан.
Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдирет.
2026-жылдын 2-мартында Баткендин Самаркандек айыл аймагынын Ууч тилкесинде кыргыз-тажик чек ара тилкесине зым тартуу иши башталган. Саамалыкка Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев катышып, Лейлек районундагы инжинердик топко онлайн старт берип, Кулунду айыл аймагында да тосуу иши жанданды.
Быйылкы жылга кыргыз-тажик чек арасынын 270 чакырымына зым тартылса, анын 200 чакырымы Баткен облусунда аткарылат. Баткен районунда 65 чакырым, Лейлекте 135 чакырым тосмолонот.
Өткөн жылы 150 чакырым чек ара тилкесине зым тартуу иши аткарылган. 2025-2026-жылдары жалпы 420 чакырым кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо пландалган.
Кышындагы суукта чек арада зым тартуу иштери убактылуу токтотулган.