Turmush — Кечээ 18-март күнү Токмоктуктар мал базарды кайра жандандырып берүүнү айтып, жабылган мал базардын аймагына чогулушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, анда мал базардын аймагында ишкерлер, малчылар жана Токмок шаарынын жана жакынкы райондордун тургундары чогулушту. Алар мал базарды кайрадан иштетүү өтүнүчү менен кайрылып, анын шаар экономикасы жана жергиликтүү ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул базар шаардык бюджеттин кирешесин түзүүдө жана аймактагы айыл чарбасын колдоодо маанилүү ролду ойнойт.
Жолугушууга шаардын мэринин биринчи орун басары, жергиликтүү кеңештин депутаты жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Алар жарандардын кайрылууларын угушту. Жолугушуунун жыйынтыгында 19-март күнү саат 10:00дө Токмок шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында шаар мэри жана демилгелүү топтун өкүлдөрү менен жолугушуу өтөрү айтылды.
Буга чейин 2025-жылдын декабрь айында мэрия Токмок шаарындагы жеке менчик мал базарды 2026-жылдын 1-январынан тартып жабуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирген.
Маалыматка караганда, аталган чечим Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган.
«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында рыноктун ишмердүүлүгү коммерциялык негизде жүргүзүлүп, айыл чарба жаныбарларын жайгаштыруу жана сатуу үчүн акы алынганы аныкталган. Ошол эле учурда рыноктун менчик ээлери (ижарачылары) инженердик, санитардык жана ветеринардык инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн зарыл болгон инвестицияларды камсыз кылышкан эмес.
Рынокту жабууга ветеринардык-санитардык, санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык талаптардын системалуу түрдө бузулушу, ошондой эле объекттин коопсуздук жана инфраструктура боюнча белгиленген нормаларга жооп бербегени негиз болгон», деп айтылган маалыматта.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкү кемчиликтер аныкталган:
• айыл чарба жаныбарларын кармоо жана сатуу үчүн тийиштүү шарттардын жоктугу;
• жугуштуу жана өзгөчө кооптуу оорулардын жайылышына коркунуч жараткан ветеринардык эрежелердин сакталбаганы;
• аймактын санитардык абалынын канааттандырарлык эмес экени;
• коомдук пайдалануудагы жайларда, анын ичинде дааратканаларда элементардык санитардык-тиричилик шарттардын жоктугу;
• дренаждык жана суу агызуучу тармактардын жоктугунан улам агынды суулардын топтолуп, аймактын булганышы;
• шаар куруу жана жер мыйзамдарына ылайык соода объектилерин жайгаштыруу талаптарынын бузулушу;
• рынок иштеп турган аймакта жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чараларынын көрүлбөгөнү.
«Ыйгарым укуктуу органдардын бир нече жолу берилген көрсөтмөлөрүнө жана эскертүүлөрүнө карабастан, рыноктун менчик ээлери аныкталган кемчиликтерди жоюу жана инфраструктураны жаңыртуу боюнча чараларды көрүшкөн эмес.
Мал базарын жабуу калктын коопсуздугун камсыз кылууга, жарандардын саламаттыгын коргоого жана эпизоотиялык коркунучтардын алдын алууга багытталган. Ушуга байланыштуу объект санитардык, ветеринардык жана инфраструктуралык талаптарга толук жооп бергенге чейин рыноктун иши токтотулат.
Аталган аймакта айыл чарба жаныбарларын сатуу токтотулат. Иш убактылуу токтотулган мезгилде фермерлерге, сатуучуларга жана сатып алуучуларга аймактагы башка иштеп жаткан мал базарларына багыт алуу, ошондой эле интернет-платформалар жана мессенджерлер аркылуу малды алыстан сатуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу сунушталат. Айыл чарба жаныбарларын сатуу белгиленген талаптарга жооп берген атайын аянтчаларда уюштурулат.
Рыноктун иши качан кайра жанданары тууралуу кошумча маалымат берилет. Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деп билдирген калаа жетекчилиги.