Turmush — Кечээ, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча жыйын өткөрүлдү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган иш-чарага шаар мэри Нуртилек Орозбаев, Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Кылыч Рысбаев, шаардын прокурору Ильичбек Исамамбетов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө шаар мэри Нуртилек Орозбаев жол кырсыктарын азайтуу максатында социалдык тармактарды активдүү колдонуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, алдын алуу иштерин күчөтүү, коомчулукту тартуу жана түшүндүрүү иштерин кеңейтүү аркылуу оң жыйынтыкка жетүүгө болот.
Шаар башчысы акыркы 2 ай 15 күндүн ичинде катталган кырсыктар боюнча маалыматтар тууралуу сөз кылды. Ал алдыдагы 6 айда өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын санын азайтуу негизги максат болушу керектигин айтты.
Мындан тышкары, шаар тургундары үчүн WhatsApp мессенджеринде атайын топ ачууну сунуштады. Бул топ аркылуу жарандар жол кыймылынын эрежелерин бузган учурларды сүрөткө же видеого тартып жөнөтүп, коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Шаарда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери үчөө болуп, алар 30 миңге жакын калк жашаган шаарда жетишпей жатканын белгилеп, мындай учурда коомчулуктун колдоосу маанилүү экенин айтып өттү.
Ошондой эле мыйзам бузуулар тууралуу активдүү маалымат берген жарандарды аныктап, мыйзам чегинде сыйлык же ыраазычылык баракчалары менен сыйлоону сунуштады. Бул демилге жол кырсыктарын алдын алуунун кошумча механизми катары караларын белгиледи.
Жыйында балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, ата-энелерге үй-бүлөдө жол эрежелерин сактоо боюнча тарбия берүү зарылдыгы эскертилди.
Ошондой эле Кара-Көл шаары Бишкек—Ош унаа жолунун ортосунда жайгашып, жалпы узундугу 80 чакырымга жакын жол тилкеси шаар аймагына тиешелүү экени айтылды. Бул тилкеде кооптуу, ийри-буйру жана татаал бурулуштар, анын ичинде Көк-Бел ашуусу бар. Кырсыктардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундардын катышуусунда болуп жатканы, айрым учурларда айдоочулардын ичкилик ичип, унаа башкаруусу себеп болуп жатканы да айтылды.
Тиешелүү кызматкерлерге рейддерди күчөтүп, жол эрежелерин бузгандарга, кызмат ордуна карабастан, катуу чара көрүү тапшырылды. Ошондой эле жол белгилерин жаңылоо боюнча №30 жол тейлөө ишканасына тапшырма берилгени маалымдалды.
Мындан тышкары, кооптуу аймактарда, айрыкча мектептердин жанында орнотулган эскертүүчү макеттерди сактоо жана бузбоо боюнча шаар тургундарына кайрылуу жасалды.
Жыйындын соңунда катышуучуларга жол эрежелерин камтыган атайын китепчелер таратылды. Айдоочулардын жол эрежелерин жетиштүү билбегендиги жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келип жатканы айтылды.
---------------------------------------------------------------------
Turmush 2026-жылдын 11-мартында түнкү саат 03:50 чамасында Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам каза болгонун жазган.
Кара-Көл ШИИБдин 102 кызматына шаардык оорукананын медайымы кабарлап, Бишкек—Ош унаа жолунун болжол менен 389-чакырымында жол кырсыгы болгонун билдирген.
Алдын ала маалымат боюнча, «Nissan Almera» үлгүсүндөгү автоунаа Ош тарапты көздөй бара жатып, жол четинде Бишкек тарапты карап токтоп турган «DAF» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзгөнүн аныктаган.
Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын жанында жүргөн жөө жүргүнчү — Кара-Көл шаарынын тургуну — 2008-жылы туулган Г.Т. окуя болгон жерде каза болгон.
---------------------------------------------------------------------
2026-жылдын 13-мартында Кара-Көл шаарындагы унаа кырсыктан 2 адам каза болгон.
Маалыматка караганда, саат 07:20 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 386-чакырымында «ДАФ» үлгүсүндөгү май ташыган унаа менен «Хендай Соната» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Кырсык болгон жерде «Хендай» унаасында бара жаткан кыз каза болгон. Ал эми айдоочу жигит оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жаракаттарынан улам ал дагы көз жумган.
Текшерүү учурунда май ташыган унаанын Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1977-жылы туулган К.М. башкарып бара жатканы аныкталган. «Хендай» унаасын Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну С.К. айдап бара жаткан. Каза болгон кыз Кара-Көл шаарынын 2008-жылы туулган тургуну Б.А. болгон.
Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.
---------------------------------------------------------------------
2026-жылдын 18-мартында түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 347-чакырымында «Хонда Фит» жана «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
«Хендай Соната» унаасы Бишкекке карай кетип бара жаткан, «Хонда Фит» болсо Ош тарапка бара жаткан. «Хонда Фит» унаасында эки эркек жана эки аял киши болгон, алар Кара-Көл шаарынын тургундары.
Жол кырсыгынын кесепетинен эки адам (бир эркек жана бир аял) каза болуп, төрт адам жаракат алган.