Turmush — 14-15-март күндөрү Ош шаарында өткөн «Достук шаңы 2026» республикалык сынагында Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинин «Ботой» комузчулар ансамбли баш байгени утту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Аталган ансамблди даярдаган мугалим Райла Изамбаеванын айтымында, аталган сынаккан Кыргызстандын 7 облусунан келген музыкант окуучулар катышты. Анын шакирттери Карамолдо Орозовдун «Салтанат шыңгырама» күүсүн аткарышты. 4-класстын окуучу Сумая Ашымова жеке комуз чертүүдө Бекболот Абдувалиевдин «Жорго жүрүш» күүсү менен 1-орунду ээледи. 2-орунду «Боз жорго» күүсү менен фольклордук ансамбль алды.
Баш байгени уткан токтогулдук кыздарга Түркияга жолдомо ыйгарылды.
«Ботой» комузчулар ансамблинин курамы:
- Сатыгулова Тумар 2012-жылы туулган;
- Темирбекова Айбийке 2012-жылы туулган;
- Карыпбаева Азалия 2012-жылы туулган;
- Кыштообекова Аруузат 2011-жылы туулган;
- Ашымова Сумайа 2013-жылы туулган;
- Бузурманова Айжибек 2013-жылы туулган;
- Калмурзаева Бермет 2010-жылы туулган;
- Жапарова Асия 2012-жылы туулган.
«Маданияттын мыкты кызматкери» наамынын ээси Райла Изамбаева 1988-жылдан бери Токтогул райондук музыкалык мектебинин комуз бөлүмүндө мугалим болуп эмгектенип келет.