Turmush — Кант шаарынын тургуну — 2004-жылы туулган Ихтиандр кызы Гүлбарчын милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карганда, 2026-жылдын 14-мартында Ихтиандр кызы Гүлбарчын үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп калган. Бул факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, ыкчам издөө иш-чаралары башталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери 2026-жылдын 18-февралында Гүлбарчынды Бишкек шаарынын Ош базарынан табышкан.
«Абалы жакшы. Кызыбыз Бишкек шаарынан табылды», — деп билдирди анын апасы.