Turmush — Манас шаарында курулуп жаткан 7 кабаттуу облустук оорукананын имаратынын 1 чарчы метри 1424 долларга, же 124 миң 714 сомго бааланган. Бул көрсөткүч өтө кымбат. Мындай пикирин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев объектке барган учурда билдирди.
Министр баштаган өкүлдөр облустук оорукананын курулушу менен жеринде таанышышты. Анда Нурдан Орунтаев оорукананын баасы жогору эсептелгенин айтып, сынга алды.
«Ооруканаларды куруп эле жүрөбүз. Ооба, оорукана башка объекттерге караганда кымбатыраак курулат. Бирок ооруканалардын курулушунда 1 чарчы метрдин баасы 1000 доллардан ашпашы керек. Бул жерде жалпы сметалык бааны эсептегенде 1 чарчы метри 1424 доллар болуп жатат. Баадагы айырма өтө чоң, абдан кымбат. Бул объекттин курулуш баасы кайрадан каралып чыгышы керек», — деди министр.
Ошондой эле ал курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө жумуштарды токтотпоону айтып, келишимдер кайрадан жаңылана турганын белгиледи.
Маалыматка ылайык, оорукананын жалпы сметалык баасы 2 млрд 303 млн сомду түзөт. Каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стабилизациялык фонд тарабынан жүргүзүлүүдө. Жалпы каражаттын ичинен 900 млн сом бөлүнүп, анын 283 млн сому подрядчы уюмга берилген.
7 кабаттуу имараттын долбоору «Туматай» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан. Курулуштун заказчысы — Манас шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаменти. Ал эми башкы подрядчы катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад ПМОсу аныкталган. Курулуш иштерин КРнын ӨКМине караштуу «Ош өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү борбору» мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.