Turmush — Сокулук районундагы жалпы билим берүү уюмдарына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Агартуу министрлигинин буйругунун негизинде мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жарыяланган сынак жыйынтыкталды.
Анын жыйынтыгында Сокулук районундагы төмөнкү мектептерге жаңы жетекчилер дайындалды:
- Бегималы Жамгырчиев атындагы мектеп-комплексине — Акас кызы Гүлнура;
- Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү мектебине — Кийкпаева Айнура Кариповна;
- Гүлсина Капарова атындагы мектепке — Жолчубекова Айдай Жолчубековна.
2026-жылдын 18-мартында Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү мектебинин эмгек жамаатына жаңы дайындалган жетекчини тааныштырды.
Учурда райондо жалпы 47 муниципалдык мектеп бар. Алардын баарына директорлор сынактын жыйынтыгы менен дайындалган. Азыркы тапта дагы бир мектептин директорлук кызматына сынак өткөрүү алдында турат.