Turmush — «Маариф» фонду «Ата Строй Групп» жоопкерчилиги чектелген коомуна 44 млн сом карыз. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Атамбек Салиев бүгүн, 18-мартта АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын июль айында фонддун директору менен «Ата Строй Групп» ЖЧКсы учурдагы «Маариф», мурдагы «Сапаттын» 7 облустагы лицей оңдоп-түзөөдөн өкөрүү боюнча келишим түзүшкөн. Бирок иш аяктаар учурда имараттарда кошумча оңдоо иштери чыгып, келишимде көрсөтүлгөн суммадан көбүрөөк акча жумшалган.
«Маариф" фонду менен анын Кыргызстан боюнча 7 лицейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча келишим түзгөнбүз. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы лицей, Таластын Манас-Атасындагы лицейин, ошол эле аймактагы "Мээрим" кыздар лицейин, Жалал-Абаддагы балдар лицейи, Кызыл-Кыя шаарындагы балдар лицейи, Кадамжайдагы "Семетей" лицейи, Оштогу "Сема" балдар лицейин оңдоп-түзөөдөн өткөргөнбүз.
Башында оңдоп-түзөө иштери башталгандан кийин 55 күндө ошол 7 объекти бүтүрүшүбүз керек эле. Анын келишимдик баасы 146 млн сом болчу. Бирок имараттар эскиргендигине байланыштуу кошумча курулуш иштери чыгып калып, 44 млн сомго көп иш жасадык. Булар бизге 1-июлдан 25-августка чейин бүтүрүп бергиле деген мөөнөт берген. 25-августка карата 155 млн сомго ылайык иш аткарганбыз. Андан кийин бүткөн жана бүтпөгөн иштер менен бирге Таластагы лицейди толук бүтүрө албай калганбыз. Аны 20-сентябрга чейин бүтүрдүк.
Ошентип жалпы 44 млн сомдук айырма чыгып, биздин аталган фонддон 44 млн сомдук аласабыз бар. Бирок акчаны бербей коюшту. Тактап айтканда, «Маариф» фондунун жетекчиси Хусню Бирджан менен акыркы жолу 2025-жылдын 13-октябрында сүйлөшкөн экенбиз. Эки тараптуу сүйлөшүп, техникалык көзөмөлүңүздөрдү жөнөткүлө дедик. Алар 1 айдай текшерип жүрүштү. Кийин "силердин эсептөөңөргө ишенбейбиз" дешти.
44 млн сомдун ичинде Салык кызматына төлөй турган акчалар, жумушчуларыбыздын айлык-акылары бар. 7 млн сомго жакын акчаны салыкка, жумушчулардын маянасын төлөшүбүз керек. Бул иштерди баштардан мурун ЖЧК да карыз алган. Жумушчуларыбыз бул ишине ишенип, банктардан насыя алып коюшкан. Ошентип биз карыз болуп отурабыз», - деди Салиев.
«Ата Строй Групп» компаниясынын кызматкери (мастер-снабженец) лицейлердин курулуш иштери эмне үчүн кечиккенин түшүндүрдү.
«Алардын курулуш материалдарын тандаган убактысы өтө созулуп кетти. Биз объектилердин баарын даярдап, түстөрдү, курулуш материалдарын, дизайнды тандап бергиле деп сураганбыз. Алар "макул, биз жыйын кылып жөнөтөбүз" дейт. Анан алар "бизге мындай курулуш материалдар керек" дешет. Биз алар айткандай курулуш материалдарынын сүрөттөрүн жөнөтүп жаттык. Алар "жок, болбойт" дешет. Ошентип жүрүп эле бир жума убакыт өтүп кетти. Анан биз имараттарды боёгон түстөрдүн коддорун сурадык. Алар боёктордун бирдиктүү коддорун жөнөтүштү. Боёкторду Бишкектен жасатып, Таласка, Кадамжайга жөнөтүп, боёгондон кийин алар "жок, биз мындай түстү айтпадык эле" дешет. Кайра боёкторду Бишкекке жөнөтүп, кайра алар айткан түскө өзгөртүп, кайра көрсөтсөк деле "жок, мындай эмес эле" деп бизди 15 күн кармашты. Ошондон улам курулуш иштерин убагында бүтүрө албадык.
Экинчиден, булар бизге смета берген учурда курулушка колдонулуучу материалдардын аттары жазылган эмес эле. Жөн эле мисалы, "кафель, туурасы мынча, узуну мынча" деп жазып коюшкан. Курулуш иштери башталган учурда биз боёктордун бир чакасын орто баа менен 2-3 миң сомдон алганбыз. Алар бир чакасы 100 доллар турган боёкторду тандашты. Биз алар айтканга макул болуп, материалдарды улам алмаштырып жатып убактыбыз кетти», - деди ал.
Ал эми «Кыргызстан Маариф» коомдук фонду билдиргендей, 2025-жылдын 1-июлунда жалпы суммасы 146 млн 87 миң 748 сомду түзгөн эки тараптуу келишим түзүлгөн.
Коомдук фонддун маалыматы боюнча, 2025-жылдын 28-августунда фонддун ыйгарым укуктуу өкүлү Талас жана Баткен облустарындагы «Мээрим», «Манас-Ата», «Семетей» жана Раззаков лицейлерине барып, курулуш иштеринин жүрүшүн текшерген. Аталган лицейлер жаңы окуу жылына даяр эмес экени аныкталган. Ушундай эле абал Каракол шаарындагы Хусейн Карасаев атындагы лицейде, ошондой эле Ош шаарындагы Алымбек Датка лицейинде катталган.
Фонд ар бир аткарылган иштин көлөмүнө жараша, сметанын негизинде төлөмдөрдү жүргүзгөн.