Turmush — Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталынын Ак-Өрүк аймагына 375 орундуу мектеп салынат. Бул тууралуу облустук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда долбоор даярдалып, тендер жарыяланды. Мектептин аймагында футбол жана баскетбол аянтчалары да болот. Курулуш быйыл башталып, келерки жылы пайдаланууга берилмекчи.
Баткен шаарында жалпы 11 мектеп болсо анда 8846 окуучу билим алат. Ал эми Кызыл-Жол кварталынан Баткен шаарына каттап окуган 200дөй окуучу бар. Эгер 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилсе 2 нөөмөттөн 700дөй окуучу билим алууга шарт түзүлөт.