Turmush — Лейлек районунда майда бейбаштык жасоого шектелген депутат кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка караганда, Раззаков шаардык кеңешинин 47 жаштагы депутаты А.У.нун мурдагы кудасы «оозго алгыс акарат сөздөр менен сөгүндү» деген арыз менен милицияга арыз жазган. Лейлек РИИБдин жана Лейлек райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар сотко өткөрүлгөн.
Жыйынтыгында депутат Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, райондук соттун чечими менен 3 суткага административдик камакка алынды.