Turmush — Панфилов районуна караштуу Панфилов айылынын 50 жаштагы тургуну Халиса айым бак-дарактардын жана арчаларынын көчөттөрүн сатып 2 айда 150 миң сом киреше табат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, Бишкек—Чалдыбар унаа жолунун боюндагы чакан аянтта ишкердик кылат.
«25 жылдан бери багбанчылык менен алектенип, түрдүү көчөттөрдү сатып келем. Учурда көчөттөргө болгон кардарлар көп. Сапаттуу жана мөмөлүү алма, алча, өрүк, жаңгак жана башка бак-дарактардын көчөттөрү 250-350 сомдон сатылууда. Ал эми арча көчөттөр жашына жана бийиктигине жараша бааланат. Маселен бийиктиги 50 см болгон 1 жылдык көчөт 500 сом, бою 1 метрден 1,5 метрге чейинки 2 жылдык көчөт 1000 сом жана 6 метр болгон 4-6 жылдык көчөттөр 6000 сомдон сатылууда.
Көчөт өстүрүү жана аны өз убагында сатуу көп түйшүктү талап кылат. Ар бир кардарга анын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп, отургузуу ыкмаларын да айтып берем. Бул жерде көп суммадагы көчөттөр бар. Ырас анын баары эле сатылып кетпейт. Калганын үйгө короомо алып барып, кайрадан отургузуп, кийинки жылга даярдайм. Болжол менен март, апрель айында 150 миң сом киреше табам», - деди ал.