Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сары-Өзөн айыл аймагындагы бир катар аталарга ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Аталар күнүнө карата Сары-Өзөн айыл аймагындагы мектеп, бала бакчалары менен тыгыз байланышта иш алып барган, балдарынын тарбиясына, окуусуна олуттуу көңүл бурган, башкаларга үлгү боло алган бир катар аталар айыл өкмөттүн ыраазычылык каты жана белектер менен сыйланышты. Айрым ата-энелер балдары окуган мекмелерде демөөрчүлүк ишмердүүлүгүн да жүргүзүп келишет.
Сыйлык алган аталар:
- Боржокеев Өмүрбек Акынович, Р.Кулданов атындагы мектептинде окуган окуучунун атасы;
- Молдобаев Максат Кубанычбекович, Биримкул атындагы мектепте окуган окуучунун атасы;
- Жумалиев Талантбек Кылычбекович, Бейшеналы атындагы мектептин окуучусунун атасы;
- Рамис Маликайдаров, М.Асанканова атындагы мектептин окуучусунун атасы;
- Соколов Антон Евгеньевич, №2 орто мектептин окуучусунун атасы;
- Болотбек Исаев, №3 орто мектептин окуучусунун атасы;
- Эркинбаев Нурбек Токтобекович, Арал орто мектептин окуучусунун атасы;
- Асаналиев Анарбек Джумалиевич, К.Дегенбаев атындагы бала бакчанын тарбиялануучусунун чоң атасы;
- Нурбаев Азат Шамильевич, Бөбөк-Нуру атындагы бала бакчанын тарбиялануучусунун атасы;
- Арген Субанкулов, «Сырдуу Балалык» бала бакчасынын тарбиялануучусунун атасы;
- Адилет Мусуралиев, «Татынакай» бала бакчасынын тарбиялануучусунун атасы;
- Анварбеков Адилет Анварбекович, «Ак-Шоола» бала бакчасынын тарбиялануучусунун атасы.
2024-жылы 26-июнда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзамына кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет. Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.