Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунда акыркы 10 күн аралыгын сүттүн баасы 5 сомго төмөндөдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, анын себеби азырынча белгисиз. Кыш мезгилинде 1 литр сүттүн наркы дүңүнөн 40 сомго бааланса, учурда алармандар 35 сомдон эсептеп, сүттү кайра иштетүүчү заводго өткөрүүдө.
«Ар жылы кыш мезгилинде сүттүн баасы көтөрүлүп сүйүнгөнүбүз менен жаз келери менен кайрадан төмөндөйт. Март айында алгач 38 сомго түшүп, анан бат эле 35 сомго ылдыйлап кетти. Мунун себеби азырынча белгисиз. Ошол эле учурда борбордук дүкөндөр нак сүттүн литрин 50 сомдон сатууда. Мисалы, ошол эле сүт азыктардан 700 грамм сары май 540 сомдон, 300 грамм каймак 95 сомдон. Ал эми заводдон өндүрүлгөн сүт азыктар баа төмөндөгөнгө жараша эч эле арзандабайт», - деди тургундар.
Ал эми эттин баасы 20 сомго чейин кымбаттады. Мунун себебин сатуучулар базарда мал кымбат болгону менен байланыштырууда.
«Түп районунун борборунда көбүнчө жашоочулар уй этин талап кылышат. Ошого жараша койдун, жылкынын этине суроо талап аз. Акыркы эки жума аралыгында мал кымбаттап, эттин баасы 20 сомго чейин жогорулады. Учурда килограммы 690-700 сомдон сатылууда», - дешет жергиликтүүлөр.