Turmush — Бүгүн, 18-мартта Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.
18-марттан 23-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290-жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү ыктымал.