Turmush — Чүй облустук прокуратурасы өлкө аймагында катталган алдамчылык кылмыштарынын ичинен телефон чалуу жана интернет ресурстарын колдонуу аркылуу жасалган кылмыштардын жаңы түрлөрү жыл сайын көбөйүп жатканын билдирди.
Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Алмаз Эрматовдун айтымында, анын кесепетинен материалдык зыян тарткан жарандардын саны өсүүдө.
Статистикага ылайык, Чүй облусунун аймагында 2024-жылы алдамчылык фактысы менен 974 кылмыш иш катталса, 2025-жылы 1 158 кылмыш иш катталган. Телефон чалуу жана интернет ресурстарын колдонуу аркылуу жасалган кылмыштарды тергөө учурунда шылуундар жарандардан сатып алган банк эсептерине жабырлануучулардын акча каражаттарын котортуп, андан ары башка өлкөлөрдөгү банк эсептерине же башка каржы булактарына которуп жиберген учурлар аныкталууда.
2025-жылы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Банктын жана банктык кызматтарды көрсөтүүчү башка жактын, виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн кардары, электр байланыш операторунун абоненти тарабынан үчүнчү жактарга электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды аларды ачуу мүмкүнчүлүгүн жана башкарууну берүү менен үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана алардын кызыкчылыктарында укук ченемсиз аракеттерди жасоо максатында атайылап берүү же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилик каралган.
Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыяланып жатканына карабастан, жаштар арасында электрондук төлөм каражаттарын шылуундарга саткан учурлар азайбай келет.
2025-жылы бул факты боюнча Чүй облусунун аймагында 44 кылмыш иш катталган. Мунун кесепетинен бир жагынан жарандар акчаларын алдатып материалдык зыян тартса, экинчи жагынан электрондук төлөм каражаттарын саткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышат.
Андыктан, шылуундардын торуна түшүп, материалдык зыян тартуу тобокелдиктерин алдын алуу максатында жарандарды төмөнкү коопсуздук чараларын сактоо керек:
- уюлдук телефон номурга байланган банк тиркемелерин колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо;
- интернет тармактарында жарнамаланган оңой акча табуу долбоорлоруна акча салбоо;
- WhatsApp жана башка интернет тиркемелери аркылуу акча которууну суранган билдирүүлөр келген учурда ал билдирүүнүн ээсин тактабай туруп акча которбоо;
- телефон чалуу же интернет аркылуу укук коргоо органдарынын же мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери байланышкан учурда алар менен расмий иш ордунда жолукпай туруп акча каражаттарына байланышкан сунуштарын аткарбоо.
Ошондой эле, электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берген же саткан адамдар үчүн мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган.