Turmush — Быйыл Манас шаарында Нооруз майрамы Азаттык аянтында белгиленет. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова билдирди.
Анын айтымында, иш чаранын расмий бөлүгү 21-март күнү саат 11:00дө башталат.
«Бул жылы Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү калаадагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери 2 казанга сүмөлөк бышырууну пландап жатабыз. Ал эми, майрамдык салтанаттын расмий бөлүгү 21-март күнү шаардын Азаттык аянтында өткөрүлөт. Иш- чарага борбор калаадан мамлекеттик катчы Аслан Койчиев, башка облустардан да коноктор келери пландалып жатат. Ал күнү аянтта боз үй тигилип, театралдаштырылган концерттик программа тартууланып, келген коноктор жана шаардыктарга сүмөлөк таркатылат. Аны менен катар аянтта улуттук оюндар уюштурулуп, ишкерлердин продукцияларынын жармаңкеси уюштурулат. Ал эми кечки саат 18:00дө эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт уюштурулат», - деди ал.
Бул жылы майрамдык салтанатты өткөрүүгө шаар казынасынан 2 млн сомдой каражат жумшаларын кошумчалады.