Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунда баңгизат сактап жүргөн шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Түп РИИБге Түп районунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүргөн жарандар тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
2026-жылдын 14-мартында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жана Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары аныкталган жарандардын турак жайларында мыйзамдуу тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Натыйжада 1973-жылы туулган Ж.А. аттуу жаранды жеке тинтүү учурунда анын кийип жүргөн кара түстөгү курткасынын чөнтөгүнөн жапайы өскөн кендир чөбүнө окшош, өзгөчө жыты бар зат табылган. Ошондой эле анын турак жайынан жапайы өскөн кендир чөбүнө окшош, өзгөчө жыты бар, полиэтилен баштыктарга салынган бир нече заттар табылган. Табылган заттардын жалпы салмагы 1 килограмм 531 граммды түзүп, далил зат катары алынды.
Мындан тышкары, 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандын кашарын жана турак жайын тинтүү учурунда кашарынан полиэтилен баштыкка салынган, чабылып-чогултулган жапайы өскөн кендир чөбүнө окшош, өзгөчө жыты бар зат табылган. Ошондой эле жапайы өскөн кендирге окшош чөптөрдүн жалбырактары, 13 даана балык уулоочу синтетикалык кытай тору, 2 даана үйлөтмө кайык, 19 даана ок атуучу куралдын ок-дарысы, күкүрт жана пистондор табылган. Табылган заттардын жалпы салмагы 3 килограммдан ашып, далил зат катары алынды.
Алынган заттарга соттук-химиялык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары улантылууда.