Turmush — Кызыл-Кыя шаарында кошуна мамлекеттин жараны баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, милиционерлер тарабынан Баткен облусунун аймагында баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу багытында иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарында чет өлкөнүн 1976-жылы туулган жараны А.И. кармалып, анын жанынан гашиш баңгизаты табылган. Сурак жүргүзүлгөн учурда аталган баңгизатты өзүнүн өлкөсүнөн алып келгендигин билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иш козголду.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.