Turmush — Чүй облусунун Жайыл районундагы базарларда жазгы көчөттөрдү сатуу башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Сатуучулар көчөттөрдүн баалары тууралуу айтып беришти.
- 3 жылдык гилас көчөттөрү — 300-600 сом;
- алмурут көчөтү — 200-300 сом;
- бадам көчөтү — 200 сом;
- шабдалы көчөтү — 200 сом;
- алма көчөтү — 200 сом;
- алча көчөтү — 150 сом;
- тыт көчөтү — 300 сом.
«Бардык көчөттөр Чүй облусундагы питомниктерде өстүрүлгөн. Кээ бири Кыргызстандын түштүгүнөн алынып келинген», - дешти сатуучулар.