Turmush — 14-мартта Кант шаарындагы жол кырсыктан улам өспүрүм бала ооруканага түштү. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык шаардагы «Кыргызтелекомдун» жанынан болгон. Ал жерде скутер айдап бара жаткан өспүрүм бала «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесептинен скутер талкаланып, өспүрүм ооруканага жаткырылды.
Чүй ОИИБдин жол сакчылары кырсыктын чоо-жайын тактап жатат.