Turmush — Жалал-Абад облусунда кризистик борбордун жоктугу үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар менен балдарды убактылуу жайгаштырууда олуттуу көйгөй жаратууда. Бул тууралуу кечээ укук тартиби жана коопсуздук маселелери боюнча өткөн координациялык кеңеште айтылды.
Күн тартибинде ишкерлерди колдоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери каралган жыйында зомбулукка кабылган аялдарды жайгаштыруу маселеси өзүнчө көтөрүлдү.
Жыйында белгиленгендей, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар айрым учурда туугандарынын үйүнө барганы менен, ал жакта узак убакытка чейин толук кандуу жашап кете алышпайт. Мындан улам көпчүлүгү кайрадан өз үйүнө кайтып, зомбулукка чыдап жашоого аргасыз болушат. Мурда мындай жарандарды убактылуу кабыл алып келген кризистик борбор да жабылып калган.
Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев аймакта аялдар үчүн бир да баш калкалоочу кризистик борбор жок экенин белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн мындай жайларды ачуу зарылдыгын кароого чакырды.
«Жалал-Абад облусунда аялдар баш калкалай турган бир да кризистик борбор жок. Эл аралык долбоорлордун каржылоосу менен ачылган борбор да кийин жабылып калды. Райондордо, шаарларда сөзсүз 3-4 орундуу кризистик борборлор ачылышы керек. Ал жакта психологдор, адвокаттар жардам көрсөтүп, мүмкүн болсо жумуш менен камсыз кылуу маселеси да кошо каралса жакшы болмок. Анткени жашайын десе үйү жок, баш калкалоочу жайы жок аял кайра эле үйүнө кайтууга мажбур болот. Андан кийин “сен менин үстүмдөн арыз жаздың” деген сыяктуу жаңы жаңжалдар күчөп кетиши мүмкүн. Ушул сыяктуу кесепеттерин да эске алышыбыз керек. Жергиликтүү бийлик органдары бюджетти карап жатканда бул маселени эске алышса жакшы болмок», — деди ал.
Манас шаарында 2019-жылы аялдар менен балдарды кабыл алуучу «Каниет» кризистик борбору ачылган. Учурда анын ишмердүүлүгү токтоп калган.