Turmush — Жалал-Абад облусунда быйыл 9 мектеп оптимизацияга берилди. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, кийинки окуу жылына да мектептерди оптимизациялоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат.
«Баарына белгилүү болгондой, 2024-2025-окуу жылынан тарта Агартуу министрлигинин буйругу менен мектептерди оптимизациялаштырып келебиз. Быйылкы окуу жылында дубанда 9 мектепте мындай иштер жүргүзүлдү. Аксы районунда 1, Ала-Бука районунда 1, Ноокен районунда 5, Тогуз-Торо жана Базар-Коргон райондорунда бирден мектеп.
Негизи оптимизация болордон алдын биз тараптан мониторинг жасалат. Анда негизинен мектептердеги окуучулардын саны, мектептин сыйымдуулугу жана балдар билим берүү мекемелерине каттап окуудагы коопсуздук маселелери биринчи кезекте каралат. Алдыңкы убакытта бул мектептердеги билим берүү сапаты анализ жасалат. Ушул тапта биздин кызматкерлер быйылкы жылдкы оптимизация үчүн мониторинг жумуштарын жасап жатышат», - деди Эргешов.
Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 155 мамлекеттик жана 24 жеке менчик билим уялары бар. Мамлекеттик мектептерде 17 миң 238 мугалим эмгектенип, 282 миң 746 окуучу билим алат.
------------------------------------
2024-жылы сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин «Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө» буйругу чыкканы маалым болгон. Буйрукка ылайык, жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошула турган болгон.
Анын ичинен:
- Ош облусунда — 22 мектеп;
- Нарын облусунда — 10 мектеп;
- Чүй облусунда — 6 мектеп;
- Баткен облусунда — 5 мектеп;
- Жалал-Абад облусунда — 5 мектеп;
- Талас облусунда — 2 мектеп;
- Ысык-Көл облусунда — 1 мектеп.
Буйрук Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун протоколдук тапшырмасын аткаруу жана жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу максатында чыккан.
Андан кийин 2024-жылдын октябрында Жалал-Абад облусу боюнча 5 мектеп оптимизацияланып, башка мектептердин филиалы катары иштей баштаган.