Turmush — Жалал-Абад облусунда быйылкы жылдын 2 айында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 211 учур катталып, 206 учур боюнча коргоо ордери берилген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси Марлис Асанов кечээ, 12-мартта өткөн координациялык кеңеште билдирди.
Анын айтымында, эркектер тарабынан 193, аялдар тарабынан 13 факты жасалган.
«Облуста катталган үй-бүлөлүк зомбулуктардан 183 аял, 9 өспүрүм, 14 эркек жабыркаган. Социалдык абалдын айынан 93, мас абалдагы жагдайдан 70, кызганычтын айынан 37 учур катталган», - деди ал.
Зомбулукка байланыштуу 28 адам камакка алынып, 55 адам коомдук иштерге тартылган. 3 адамга айып пул салынган. 32 протокол соттун кароосунда турат. 2 айда катталган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 15 учур боюнча кылмыш иш козголуп, 5 иш соттук кароого жөнөтүлгөн.
2025-жылдын 12 айында үй-бүлөлүк 847 зомбулук учур катталып, 777 факты боюнча коргоо ордери берилген.
«2024-жылга салыштырмалуу зомбулук фактысынан өсүү байкалган. Зомбулукту жаап-жашырбай ачык айтып, өз укугун коргоп жаткан жарандардын көбөйгөнүнөн кабар берет. Зомбулукту алдын алуу, болтурбоо боюнча биздин кызматкерлер тарабынан тиешелүү иш-чаралар, жумуштар жүрүп жатат», - деди Асанов.
Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев зомбулукка каршы күрөшүүгө бардык органдар жардам бериши керектигин айтты.
«Бардык органдар толук кандуу тартылышы керек. Бишкекте күйөөсү жубайын курал менен атып койду. Андан мурдагы бир келинди жолдошу кулак-мурунун кескилеп салды. Бизде да ошого жакындаган фактылар бар. 12 айда 848 зомбулук өтө чоң көрсөткүч. Күндө же күн ара зомбулук катталат. Профилактикалык жумуш жүргузүү органдардын эле жумушу эмес, баарыбыздын жумуш», - деди ал.