Turmush — Кечээ, 12-мартта АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында «Визион Групп» жоопкерчилиги чектелген коому курган көп кабаттуу үйлөрдөн батир сатып алган жарандар курулушту бүткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.
Алардын айтымында, батир сатып алуу боюнча алгачкы келишимдер 2018-жылы түзүлгөн. Бирок ошол учурдан бери батиринин документтерин колуна ала элек жарандар арбын.
Ош шаарынын тургуну Мухтарбек Усенов аталган курулуш компания менен 2018-жылы келишим түзгөнүн айтат.
«2018-жылы декабрь айында бул компания менен келишим түзгөн болсом, келишим боюнча 2021-жылдын 31-январында батир тапшырылышы керек болчу. Ошол үй ушул маалга чейин бүтө элек. Биз алган убакта жетекчи О.З. деген жаран болчу. 2024-жылы уккан маалыматыбыз боюнча, ошол жылы О.З. компанияны М.А.га сатып жиберген. Биз алган объект боюнча элдин акчасын анализдесем, 90 пайызы акчасын төгүп бүтүптүр. Демек, үй бүтүш керек болчу. 4 объект боюнча анализ жасадым. Негизинен 4 оъекттин бири болгон "Виктория" объектисин карап көрсөк, 30дай батирдин акчасы алардын эсебине түшкөн эмес болуп чыгып жатат. Ошентип, биздин батирлер бүтө элек. Учурда аудит текшерип жатат. Ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз», - деди ал.
Усенов учурда аталган компаниянын жетекчилери камакта экенин кошумчалады. Ошондой эле ал компаниянын мурунку жетекчилиги объекттердин бирин банкка күрөөгө коюп, үлүшчүлөр төлөгөн акчага газоблок чыгарган ишкана курганын айтты.
Компаниянын дагы бир үлүшчүсү Гүлдар Алимсеитова да аталган компаниянын 2 объектисинен 2 батир алганын, батирлери келишим боюнча 2024-жылы бүтүшү керектигин, бирок бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жатканын билдирди.
Ошондой эле башка үлүшчүлөр алар сатып алган объектте курулуш иштери баштала электигин, ал тургай ал жер компания тарабынан сатылып алына электигин кошумчалашты.