Turmush — Түркиянын Анталия шаарында өтө турган муай-тай боюнча дүйнөлүк чемпионатка Базар-Коргон районунан 3 өспүрүм барат. Бул тууралуу район акиминин орун басары Асел Сансызбаева Базар-Коргон шаарында пайдаланууга берилген муай-тай спорттук клубунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, спорт клубунда 150 бала машыгат.
«Клуб жаш спортчуларды тарбиялап, алардын ден соолугун чыңдоого жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдоого чоң салым кошот. Ачылышта спортто алдыңкы болгон 3 өспүрүм Түркиянын Анталия шаарында өтчү муай-тай боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алды», - деди Сансызбаева.
Муай-тай — Таиланддын улуттук спорт түрү. Спорттун бул түрү «тай боксу» деген ат менен да белгилүү. Муай-тайда муштум, чыканак, тизе жана шыйрак менен сокку урууга уруксат берилет.