Turmush — Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарындагы №1 жана №2 жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери окуучуларды республикалык олимпиадага даярдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Мэриянын маалыматына караганда, калаа башчысы Аман Койшыбаев мугалимдердин кесиби түйшүктүү жана маанилүү экенин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.
Предметтик олимпиадада №1 мектептен 11 мугалим, №2 мектептен 2 мугалимдин окуучулары жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн.
Сыйлык алган мугалимдер:
№1 мектеп
- Докалюк Марина Николаевна;
- Мисилимова Дамира Сагыналиевна;
- Богомаз Светлана Васильевна;
- Кармышбекова Чолпон Болотбековна;
- Иманалиева Алия Аскаровна;
- Сандыбаева Алина Мелисовна;
- Кожобаева Разия Ашырбековна;
- Эшимбаева Ильзия Марсельевна;
- Найзабекова Айгүл Таалайбековна;
- Бекбоева Надира Тентигуловна;
- Эсембаева Эльмира Шейшенкалиевна.
№2 мектеп
- Гаипова Светлана Васильевна;
- Салиева Бермет Шамшиевна.