Turmush — 13-марттан 15-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.