Turmush — Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгына караштуу Кыргызстан айылындагы Пакирдин Маматов көчөсүндө асфальт жок болгондуктан жол баткак болуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.
Жашоочулардын бири Айдар Ырысбаевдин айтымында, айыл тургундарын эң көп түйшөлткөн маселе — жол көйгөйү.
«Шаарга караганыбыз менен сыртта жашагандай эле шартта жашап жатабыз. Жаз жана күз айларында балдарыбыз мектепке барганда бул жол менен басуу кыйын. Бул жолдо жөө адам да, унаа да кыйналат. Жолду оңдоп беришиңиздер керек. Мурунку мэрдин буйругу бар экен деп укканбыз. Шагыл төгүлүп, иш башталайын дегенде мэр кетип калып, иш токтоп калды», - деди ал.
Дагы бир тургун Эркин Шералиев да жол маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жатканын айтты.
«Бул айылдын түптөлгөнүнө бир кылымга жакындап калды. Биздин негизги көйгөй — жол. Мэриядан же жогорку жактан караган адам жок болуп жатат. Ошондуктан элдин атынан кайрылуу жасадык. Кечээ кабыл алууга барып, вице-мэрге жолуктук. Ал каражат жок болгондуктан азырынча мүмкүн эмес экенин айтты. Жок дегенде быйылкы жылы асфальт болбосо да жолду тегиздеп, шагыл төгүп берсе, 2027-жылы бюджеттен карап, асфальт төшөсө макул элек», - деди ал.
Жашоочу Сабыр Чотонов жок дегенде шагыл төшөлсө деген пикирин билдирди.
«Былтыр жол жасалбай калган. Быйыл да бюджетке акча жок болуп кирбей калыптыр. Бул жердин узундугу 920 метр. Асфальт болбосо да шагыл төгүп, жок дегенде ылайдан арылтып берсе жакшы болмок», - дейт тургун.
Маалыматка караганда, Кыргызстан айылы 1930-жылдары негизделген. Айылда жалпы 120 түтүн бар. Болжол менен 2000ге жакын тургун жашайт.
----------------------------------------------------------------
Административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айыл аймактары, Папан айыл аймагынын Ак-Буура 1, 2, 3, 4 тилкелери, Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим, Жийделик, Шарк айыл аймагынын Имам-Ата участогу Ош шаарынын курамына кошулган.
Мындан сырткары эки муниципалдык башкармалыктын аталышы өзгөрүп, шаарындын аймагында муниципалдык, айылдык 9 башкармалык болуп калды.
Алар:
- №1 Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгы;
- №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы;
- №3 Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы;
- №4 Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы;
- Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы;
- Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгы;
- Жапалак айыл аймактык башкармалыгы;
- Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы;
- Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгы.